Жогорку Кеңештин депутаты Канат Исаев Токмок шаарына мэр болуп турганда 572116 сомго сатылып кеткен китепкана боюнча “Үмүт 2020” кыймылы жасаган иликтөөгө байланыштуу кыймылдын жетекчиси Ширин Айтматованы сотко бере тургандыгын жар салды. Ал мэр болуп турганда сатылды делген китепкананын чоо-жайы тууралуу айтып,“Мен китепкананы саткан жокмун” — деп билдирди. Ал сатылып кеткен мурдагы китепкана тарыхый архитектуралык баалуулуктардын тизмесине кирбегенин, ал сотто да аныкталганын билдирди. “Үмүт 2020” кыймылы тараткан видеотасмада айтылгандарды “курулай ушак” деп, Айтматованы сотко берээрин жана элге таркаган ал маалыматтар жалган экенин далилдей турганын кошумчалады.
Булак: «Фабула»