Домой Коом Интернет-эквайринг аркылуу бир айда паспорт алуу үчүн 200дөн ашык онлайн төлөмдөр өттү

Интернет-эквайринг аркылуу бир айда паспорт алуу үчүн 200дөн ашык онлайн төлөмдөр өттү

26

Интернет-эквайринг аркылуу
бир айда паспорт алуу үчүн 200дөн ашык онлайн төлөмдөр өттү
2023-жылдын март айында Интернет-эквайринг технологиясы иштеп баштаган. Интернет-эквайринг-бул Кыргыз Республикасынын жарандарына чет өлкөлөрдөгү Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүндө паспорт жана ID-картаны даярдоо кызматтары үчүн “Элкарт”, “Visa”, “MasterCard” банк карталары аркылуу онлайн-төлөмдөрдү жүргүзүүгө мүмкүндүк берген технология.
Кыргызстандын жарандары 17 мамлекетте бул жаңы технологияны колдоно алышты. Биринчи айда кызмат аркылуу 238 ийгиликтүү төлөмдөр жүргүзүлгөн. Онлайн-төлөмдөр Германиядан – 67, Казакстандан – 46, АКШдан – 41, Түркиядан – 31 төлөм өттү.
Белгилей кетсек, төлөм карталарын кармоочулар үчүн сайт аркылуу төлөм жүргүзүүдө комиссия кызмат көрсөтүүнүн наркынын 2,5% ын түзөт.
Тез онлайн төлөм жүргүзүү үчүн, өтүнмө ээси:
1) https://payment.infocom.kg/ — сайтына кирет;
2) кызмат үчүн төлөм кодун терет;
3) банк картасынын реквизиттерин киргизип, төлөө баскычын басышы керек.
Сервисте төлөм жүргүзгөн күнгө карата КРУБнын курсу боюнча валютаны сомго автоматтык түрдө конвертациялоо каралган.
Аталган сайт Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу «Инфоком» МИси тарабынан иштелип чыгып, ишке киргизилген.
Жакынкы арада калкты жана транспорт каражаттарын каттоо, айдоочулук күбөлүктү, «Мекен карт» берүү кызматтары үчүн онлайн төлөмдөрүн кабыл алууну киргизүү пландаштырылууда.