Домой Саясат Фарид Ниязов Кой-Таштагы өлүм үчүн УКМК төрагасын айыптады

Фарид Ниязов Кой-Таштагы өлүм үчүн УКМК төрагасын айыптады

77

Кой-Таш окуясына байланыштуу соттолуп жаткан Фарид Ниязов «Альфанын» офицеринин өлүмү жана башка жоокерлеринин ур-токмокто калышы үчүн Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Орозбек Опумбаев жооптуу деп эсептейт.

Ниязов 11-мартта ушундай билдирүү жарыялап, Ички иштер министрлигинин (ИИМ) көптөгөн тажрыйбалуу тергөөчүлөрү бул иш эртедир-кечтир кайра каралып чыгарына, азыркы тергөөчүлөр жоопко тартыларына көзү жеткендиктен тергөөдөн баш тартып коюшканын билдирди.

«84 томдук кагаз, 2 терабайт видео жана аудиоматериалдан турган кылмыш ишинде азыркы соттолуучулардын айыбын тастыктаган бир да реалдуу далил жок. Опумбаев атайын операция ишке ашпай калганда «Альфанын» жоокерлерине Атамбаевдин үйүнөн чыгып кетүүгө уруксат бербей койгон, билип туруп аларды жаалданган топтун колуна салып берген. Атамбаевдин тарапкерлери аларды өз калканчына албаса кесепети андан да оор болмок», деп айтылат Ниязовдун билдирүүсүндө.

«Азаттык» радиосунун Ниязовдун дооматтарына байланыштуу УКМКдан жооп алуу аракетинен майнап чыккан жок.

Буга чейин Кой-Таш иши боюнча УКМКнын басма сөз кызматы тергөөнү милиция органдары жүргүзгөнүн, андыктан комментарий бере албай турганын билдирген. Ал эми ИИМ иш алардын карамагынан чыгарылып, сотко өткөрүлгөндүктөн комментарий болбосун жүйө келтирген.

2019-жылдын август айында УКМК жана ИИМ мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясын жүргүзгөндө «Альфанын» бир офицери курман болуп, 200дөн ашуун адам жараат алган. Окуяга байланыштуу козголгон кылмыш ишин тергеген ИИМдин Тергөө кызматы Атамбаев баштаган 19 адамга айып койгон. Алардын 14үнүн иши сотко өткөн. Калган беш адам тергөө менен кызматташууга макул болгону үчүн алардын иши өзүнчө тергелүүдө.

Фарид Ниязов да соттолуучулардын бири. Ал Атамбаев бийликте турганда анын кеңешчиси болуп иштеген.

Ишти Бишкектин Биринчи май райондук соту 23-мартта жабык карай баштайт.

Булак: Азаттык