Домой Саясат Глобалдык тиреш жаӊы мүмкүнчүлүктөргө жол ачат

Глобалдык тиреш жаӊы мүмкүнчүлүктөргө жол ачат

115

Американын президенти Ричард Никсон Кытайды «киши эч качан окуп бүтө албаган университет» деп баалаган. Бүтө албасаӊ да сөзсүз окууга милдеттүү, ар бир муун сабак ала турган университет деп кошумчалайлы.

Кытай 7-мартта түстүү революциялар каршы бирге күрөшүүнү Орусияга сунуштаарын билдирди. Мындай олуттуу кепти Кытайдын тышкы иштер министри Ван И Бүткүл кытайлык эл өкүлдөр жыйынында — Кытай жетекчилигинин эӊ жогорку кеӊешме органынын жылыга бир жолу өтүүчү абройлуу форумунда ички жана тышкы коомчулукка угуза бекем айтты.

Кытай жетекчилиги Америка Кытайдын ички иштерине кийлигишүү жолунан кайтып (Тайвань, Гонконг, Тибет, Синьцзянь ж.б.), климаттын өзгөрүшү, пандемия сыяктуу глобал маселелерде кызматташууга чакырды. Быйыл Орусия менен Кытайдын ортосундагы достук жана кызматташтык тууралуу Келишимге кол коюлганына 20 жыл толгонуна токтолуп, бул келишимди узартууга жана анын мазмунун байытууга дилгирлигин жарыялады. Кытайдын да, Орусиянын да ушул жерден кызыкчылыктары дал келээри түшүнүктүү. Анткени Бээжин менен Москва ар кандай толкундоолорго, саясий акцияларга, системалык каршылыктарга, демократиялык деп аталган аракеттерге өлкө ичинде катуу реакция кылып келет, тыштагыларын кубаттабайт, этият мамиле кылат.

Эки мамлекет теӊ ар кайсыл өлкөлөрдөгү бийликтин оппозициячыл кыймылдарга, демонстрацияларга, толкундоолорго каршы аракетин ошол өлкөнүн ички иши деп эсептеп, оппозициячыл аракеттерди айыптап, ар кандай сырткы кийлигишүүгө жол берилбестигин баса белгилеп келишет. Мисалы, Беларус президенти Лукашенконун дагы бир ирет шайланышына каршы элдик толкундоолорду айыптап, башка мамлекеттердин Беларустун ички иштерине кийлигишпөөгө чакырып келет. Орус бийлиги чакырык менен чектелбеди, Беларус лидери эми аттан оой турган болгондо катуу колдоо көрсөтүп, ал тургай аскер күчтөрүн киргизүүгө даярдыгын билдирген.

Коомдук ишмер: Алмаз Кулматов