Өткөн жумада теги боюнча Италиялык, өзү Швейцариялык 45 жаштагы Жанни Инфантино FIFA’нын 9-президенти болуп шайланды. Бул адам кесиби боюнча адвокат. Узак жылдардан бери Италия, Испаниянын жана Швейцариянын футболдук чоң командаларынын кожоюндарында кеңешчилик кызматтарды аркалаган. Ошондой эле, Невшателя университетинин алдындагы Эл аралык спортту иликтөө (CIES) борборун жетектеп келген. 2009-жылы UEFA’нын генералдык директорунун орун басары болуп шайланган.
Жанни мырзага FIFA’нын таасирдүү делген, добуш берүү укугуна ээ болушкан 207 адамдын 115 адамы добуш берген. Белгилүү болгондой, FIFA’нын мурунку президенти Иосиф Балтер коррупциялык иштерге шектелип, кызматтан айдалган болчу.