Домой Коом С.Жээнбеков: «Өлкө мыйзамдуу жолго түшкөн соң, кызматтан кетүүгө даярмын»

С.Жээнбеков: «Өлкө мыйзамдуу жолго түшкөн соң, кызматтан кетүүгө даярмын»

199

Президент Сооронбай Жээнбеков билдирүү таратып, «өлкө мыйзамдуу жолго түшкөн соң, президенттик кызматтан кетүүгө даярмын» деп билдирди.

«Өлкөдөгү саясий кырдаал курч абалга жетти. Аны жөнгө салуу үчүн төмөнкү кадамдарды жасайлы. Жогорку Кеңешке шайлоолордун жыйынтыгын жокко чыгардык. Эми жаңы парламенттик шайлоолор дайындалат. Бул боюнча БШК өзүнүн тиешелүү чечимин кабыл алат. Бул кадамдар азыркы саясий тирешүүлөрдү басаңдатат деп ишенем. Аны менен катар кризиске чейин иштеп келген Өкмөт башчысын жана өкмөт мүчөлөрүн отставкага кетирип, кийинки дайындоолорго мыйзамдуу жол ачуу керек. Жаңы Премьер-министрди жана өкмөт мүчөлөрүн дайындоону легитимдештирүү үчүн Жогорку Кеңештин токтому жана Президенттин Жарлыгын чыгаруу зарыл. Мен тиешелүү Жарлыктарга кол коюуга даярмын, ал үчүн Жогорку Кеңештин тиешелүү токтомун күтөм. Жогорку Кеңештин депутаттарынын өз милдетин аткаруусун камсыз кылуу үчүн укук коргоо органдары депутаттардын коопсуздугун камсыз кылуусу керек»,-деп айтылат билдирүүдө.

«Азыркы кырдаалды тез арада укуктук талаага салып, бардык мамлекеттик органдарды, Өкмөттү легалдуу статуска ээ кылып, өлкө мыйзамдуу жолго түшкөн соң, президенттик кызматтан кетүүгө даярмын. Саясий тараптарды элди бөлүп-жарбоого жана коомго бүлүк салбоого чакырам»,-деди президент.

Төрт күндөн бери баш калаа Бишкекте митингдер уланууда. Парламент болсо жетиштүү санда чогула албай жатат. Жаштар президентке импичмент жана люстрацияны талап кылууда.

булак: bbc.com