Түркия ондогон жылдар согушуп келген курд эли азыр АКШ жана Россиянын талапташтары болуп, экстремисттерге, террористтерге каршы күрөшүп жатат.
Курддар өз жери, мамлекеттүүлүгү жок дүйнөдөгү эң көп сандагы эл болуп эсептелет. Алардын жалпы саны 17 миллионго чукул жана Түркияда, Сирияда, Иракта жашйат. Түркиядагы курддар далай жылдан бери эле өзүбүзчө мамлекет- Курдистанды түзөбүз деп согуш жүргүзүп келет. Алардын лидери Оджалан мындан он жыл мурун түбөлүккө кесилип түрмөдө жатат. Бирдиктүү Курдистан мамлекетин түзүү оңойго турбасын эл аралык эксперттер да белгилеп келет. Анткени курддар жашаган Түркия, Сирия, Ирак мамлекеттери өз жеринен курддарга «кесип» бере койбос.
Азыр түрк армиясы курддар жашаган Сириянын жерине чейин кирип барып артиллерия менен атып, самолеттору бомбалап жатат. Мындай кырдаалда орустар менен ошол жерде кадимкидей согушуп кетиши да мүмкүн…