Домой Экономика Кубан Ажимудинов: Акнетти алгыла, жаным аман калсын!

Кубан Ажимудинов: Акнетти алгыла, жаным аман калсын!

102

Бүгүн, 18-октябрда 24.kg маалымат агенттигинде Акнет интернет компаниясынын жетекчиси Кубан Ажимудиновдун атасы, адвокаттары пресс жыйын өткөрүштү. Адвокаты Абас Мамбетакунов абактагы Кубан Ажимудиновдун Президентке жазган катын окуп берди. Катта, Кубан Ажимудинов компанияны алсаңар алгыла, жаным аман калсын, ден соолугум баарынан кымбат — деп жазыптыр.

87 жаштагы атасы Токон Ажимудинов УКМКнын абагында жаткан уулунун ден соолугунан кабатыр болуп, уулу буга чейин 2 жолу профессор Миррахимовдун клиникасына жатып, дарыланып чыкканын, канты нормадан жогору болуп 25-30га чейин көтөрүлүп, кан басымы жогорулап жатканын айтты. Канты жогору болгондуктан, доктурлар анын жүрөгүнө операция жасай албай жатышканын айтып, Президентке кайрылуу жасап, баласын абактан чыгарып, мыйзамдуу жол менен ишти алып баруусун суранды. «Уулум, Новосибирск университетинен окуп келип, бул жактан «Акнет» компаниясын түздү. Аны бутуна тургузуп, байтып койду эле. Уулумду негизсиз камап коюшуп, чыгарбай жатышат. Азыр уулумдун абалы оор, дарыланууга шарт түзүп беришсе жакшы болмок. Уулумдун иши боюнча ошол кездеги президент Сооронбай Жээнбековго, иниси Асылбек Жээнбековго кирүү аракет кылдым, алар мени кабыл алышкан жок. Компанияны басып алууга Асылбек Жээнбековдун түздөн түз тиешеси бар. Себеби Алмамбет Салиев Жээнбековдордун эӊ жакын адамы болгон. 
 
Садыр Жапаров бийликке келгенде, эми акыйкаттык орнойт, калыстык менен иши каралат деп ойлогонбуз. Тилекке каршы, азыркы бийлик да бизди уккан жок. Президент Садыр Жапаровго кайрылып, жолугууга аракет кылдым, майнап чыккан жок, кабыл албады»,-деди.

Эске салсак, «Акнет» компаниясы менен байланышкан чыр 2018-жылдан бери уланып, сот иштери бүтө элек. «Ири суммадагы салыкты жашыруу» беренеси менен «Акнеттин» мурдагы кожоюну Кубан Ажимудиновго кылмыш иши козголуп, учурда УКМКнын тергөө абагында.