Сооронбай Жээнбеков буга чейин Гүлшат Асылбаева демилгелеп чыккан, сөз эркиндигин кысымга алуу боюнча мыйзам долбоорун артка кайтарган болчу. Эми анын айынан: «Жазык мыйзамдары чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоорун артка кайтарды. Жээнбеков аталган мыйзамга каршы пикирге кол койду. Ага Жазык кодекси менен Жазык-процессуалдык кодекске киргизилген айрым өзгөртүүлөр негиз болду. Жазык кодексине сунушталган 62-берененин 7-бөлүгү менен эгер шектенүү жөнүндө кабарлама бериле турган адам аныкталбаган болсо, жазык иши жоопкерчиликке тартуунун мөөнөтү өткөндүгү үчүн токтотулат деген ченем каралган. Президент бул мыйзамды өзгөртүүнүн кажети жок деп эсептейт. Ал эми Жазык-процессуалдык кодекстин жаңы редакциясында 114-беренеде кылмыш боюнча шектүүгө карата бөгөт чарасы катары күрөө колдонула турганы жазылган. Бирок күрөө бөгөт чарасы катары белгиленбеген кылмыштардын тизмесин жана бардык коррупциялык кылмыштарды камтыбайт. Буга байланыштуу Жээнбеков тизмени кеңейтүүнү сунуш кылды.
Булак: Багыт гезити