Домой Коом Президент дагы факты сурады

Президент дагы факты сурады

116

Президент Сооронбай Жээнбеков шайлоодо кандай гана мыйзам бузуу болбосун, анын ичинде добуш сатып алуу фактыларына чара көрүлөрүн айтты. Ал: «Тилекке каршы, биздин шайлоочуларыбыз имиш-имиш сөздү талкуулап, укук коргоо органдарына «мага добушуңду сат деди» деп кайрылган учурлар болбой жатат. Эл арасында «ушул партия ушинтип жатыптыр, бул партия сатып атыптыр» деп айтышат, ал сөздөрдү мен угуп жатам. Органдар иштеп жатат, бирок мына ушул боюнча кайрылган факты жок».
Сооронбай Жээнбеков партиялар шайлоочулардын паспортун чогултуп жатканы тууралуу да кабардар экенин, «акчанын бир бөлүгүн азыр, калганын кийин беребиз» деген сөздөр бар экенин айтты. Бирок паспортун партияларга бергени тууралуу да айтып, кайрылган киши жок экенин кошумчалады. Ажо бул буга чейин «Раиммиллион» боюнча да маалымат колунда турса да, элден факты сураган эле. Шайлоодо сатып алуу боюнча да факты сураганы чынын уят эмеспи.

булак: Багыт гезити