Домой Спорт Путиндин айынан… 300 миң еврого айыпка жыгылды

Путиндин айынан… 300 миң еврого айыпка жыгылды

29

Дмитрий Тарасов

Азыр Россиянын элинин көбү Путинди аябагандай көтөрмөлөп, аны кудайга теңеп жаткан кези. «Путин кетсе, Россия жоголот» дегендер да толтура. Мамлекет жетекчиси кетсе, ошол мамлекеттин жоголгону тарыхта деле жок…

Аз күн мурун Москванын футбол клубу «Локомотив» менен түрктөрдүн «Фенербахче» клубдары беттешкен. Беттешүүнүн аягында оюн талаасынан кетип бараткан орустун Тарасов деген оюнчусу футболкасын чечсе, ичиндеги майкесинде Путиндин сүрөтү бар экен. Мына ошол кылыгы үчүн Тарасов 300 миң еврого айыпка жыгылды. Анткени, УЕФАнын тартип регламенти боюнча «футболчунун ич кийиминде саясий, диний жагдайда жана жеке билдирүүсү менен сүрөтү болбош керек» экен… Кайран орусуң, кереги барбы же жокпу эсептешпей эле Түркияны чамбылала кылып сындап жатканы. Москвада өткөн беттешүүгө түрктөрдөн күйөрман өтө аз келди деп, аны Эрдогандан көрүп, ага карата далай жаман кепти багыштап, футбол беттешин чоң саясатка айландырып да таштады.