Домой Коом Президент Тайчанарга акчалай жардам берди

Президент Тайчанарга акчалай жардам берди

70

Ташчайнар каймана аты менен таанымал Нурлан Алишеровго  президент Сооронбай Жээнбековдун атынан материалдык жардам көрсөтүлгөнүн Маданият, маалымат жана туризм министрлиги кабарлады.

Азамат Жаманкулов жана президенттик аппараттын гуманитардык өнүктүрүүгө мониторинг жүргүзүү жана жарандык коомдун институттары менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн башчысы Кудайберген Базарбаев балбандын абалын сурап барган.

Ташчайнар 2-сентябрда кечке жуук Бишкектеги №1 шаардык клиникалык ооруканага түшкөн. Ага инсульт деген диагноз коюлган. Алишеров буга чейин гипертония, кант диабети сыяктуу оорулар менен жабыркап, балбанды дарылатууга кеткен чыгымдарды төлөө үчүн жакындары элден жардам сурап кайрылган.

Жолугушууда ага президенттин атынан материалдык жардам тапшырылган.

«Бүгүнкү күндө Нурлан Алишеров өзүн жакшы сезип калгандыгын айтты. Ошондой эле кийинки рекорддорду багындыруу ниети бар экендигин билдирип, ал үчүн толук реабилитациядан өтөрүн белгиледи. Учурда ал дарыланып үйүнө чыгарылган», — деп айтылат министрликтин маалыматында.