Домой Саясат Элмира Сатыбалды кызы, айтымчы:  “Курсан Асанов камалбайт”

Элмира Сатыбалды кызы, айтымчы:  “Курсан Асанов камалбайт”

368

Айтымчы, Элмира Сатыбалды кызы редакциябызга келип, буга чейин касиеттүү жолдо жүргөндөр ар кимибиз өз алдыбызча аракеттенип жүргөн болсок, Манас атанын касиети, руху, духу биздин башыбызды бириктирди. Биз эми Кыргызстанды жаман нерселерден сактайлы, жерибизге тынчтык орнотолу, элди бөлүп-жарган жаман иштерди  алдын алалы деп касиеттүү жолдогулар бирдикте аракеттене баштадык деди. Биз да мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, бийлик дөөлөт, байлык жана каргыштан турат деген ааламдан аян алган Элмира Сатыбалды кызын кепке тартып, айрым суроолорго жооп алууга аракеттендик.   

-Курсан Асановду камайбыз деп жатышат. Бирок камаша албайт. Ал 7 жылдан бери кадырлап, зоболосун көтөргөн Атамбаевге жаман мамиле кыла алган жок. Башкача айтканда, дөөлөт-ырыскысын тебелегиси келген жок. Бирок, Курсан Асанов Атамбаевге сый көрсөтүп койгону үчүн,  адамгерчилик кылганы үчүн азап тартып, кылмыш иши козголуп, милициянын кызыкчылыгын сатып, чыккынчылык кылгандай сүртүм калтырышты.  Укук коргоо органдарынын башчыларынын оюу боюнча   Атамбаевди уруп күч колдонуп кармашы  керек болчу. Атамбаевдин Курсан Асанов сени мен кызматка койдум эле сага ыраазымын деген сөзү жакпай калып,  жанагындай чабуулга кабылды.

Булак: Ачык саясат