Жогорку Кеӊештин эӊ жогорку “элитасы” аталган Кожобек Рыспаев дагы алдыдагы шайлоого шадыраӊдап катышуу үчүн көрүнгөн партиягабарып, көшөгө артынан сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканы боюнча кептер айтылууда. Бирок партия төрагалары аны кошуп алсак, эл бетибизге түкүрөт, партияга зыяны тийет деген тейде азырынча анын суранычтарын “сууга агызып” жатыптыр. Эмнеге дегенде бул адам бул чакырылышта эӊ көп сындалып, эл тарабынан куйруктуу эки деген бааларды байма-бай алды.
Өлкө кызыкчылыгы, мекенчилдик, чындык тууралуу кеп айтса да, ушундай “элиталар” эч эле айтпасынчы деп так секиргендер четтен табылат. Бирок мындай эргулдарыӊ эбин таап, эрте эле дагы партиянын куюшканына кыпчылып чыга келиши толук мүмкүн.
Анткени, анда байлык деген толтура. Акыркы 10 жылда жөнөкөй эле депутат болбостон, тоо-кен тармагы боюнча “майлуу” комитетти улактай эле такымына басып алып, бул чөйрөдө бир топ эле уу-дуу иштерди ийгиликти ишке ашырды десек жаӊылышпайбыз.
Булак: Багыт