Эгерде адамдын карызы болсо курмандык чалууга милдеттүү эмес. Бул тууралуу муфтий Максат Токтомушев «Биринчи радиого» маек берип жатып билдирди. Анын айтымында, курмандыкты минималдуу кирешеси бар же мүлкү 193 миң 700 сомго бааланган адам жасашы керек. «Эгерде карызыңыз бар болсо курмандык чалууга милдеттүү эмессиз. 7 миң сом койдун акчасы менен карызыңыздан кутулуңуз», — деди муфтий. Быйыл өлкөдө Курман айт майрамы 31-июлда белгиленет.