Нурбек Алимбеков деген эл тааныбаган депутат бар. Жалаң жыгач ташып жүрүп, акчасы чөнтөгүнө батпай кытыгылап калганда, кой эми депутат болуп коёюнчу деген көпөстөрдүн бири.
Эки чакырылыштын депутаты болду. Бирок бир да жолу элдин таламын талашып бийик трибунадан ооз ачканын жан киши көрө элек. Бизнесин калкалап, керт башынын кызыкчылыгын көздөгөндөн башка, эч бир чеке жылыткан иши жок.
Анан ушул депутат Жогорку Кеңеште мораль тууралуу акыл айтып калыптыр. Башка-башка, ушул депутат сөрөйлөр мораль тууралуу кантип уялбай айтышат? Өзгөчө Алимбековго акыл айтканды ким коюптур десең…