Домой Саясат Депутат «КТ Мобайл» боюнча Башкы прокуратуранын бүтүмүн сурады

Депутат «КТ Мобайл» боюнча Башкы прокуратуранын бүтүмүн сурады

104

Былтыр «КТ Мобайл» боюнча түзүлгөн депутаттык комиссия Башкы прокуратурага «Семь Мобайл» жоопкерчилиги чектелген коомунун «Нур Телеком» компаниясына 15 мегагерцти 2 миллион долларга сатышын иликтөө тууралуу тапшырма бергенин эске салды.

«Мамлекеттик байланыш агенттигинин балансындагы жыштыктан 896 миллион сом түшүшү керек болчу. Маселе боюнча Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финполиция) кылмыш ишин козгогон, бирок өкмөттүн отчётунан кийин бул иш кыскарып кеткен деген маалымат алдым. Бул иш кантип кыскарып калды?», — деп суроо берди.

Ал башкы прокурордун отчётунда депутаттык комиссиянын тапшырмасына жооп жок экенин айтып, Финполициянын иши боюнча Башкы прокуратуранын чечимин сурады.

Булак: Азаттык