Домой Коом Депутат Эльвира Сурабалдиева Түркиядан келген атайын борт менен дарыланууга ишкерлер кеткенин айтууда

Депутат Эльвира Сурабалдиева Түркиядан келген атайын борт менен дарыланууга ишкерлер кеткенин айтууда

985

Социалдыкт тармактардатарап жаткан кээ бир чиновниктер үчүн уюштурулган чартердик каттам чуусу дагы деле токтобой келет. Саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова брифинг маалында саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримовдун жана анын орун басары Нурболот Үсөнбаевдин Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасында дарыланып жатышканын айтып, билдирүү жасаганы менен коом арасында ага ишенбегендер четтен чыгууда. Жогорку Кеңештин депутаты Эльвира Сурабалдиева дагы социалдык тармактагы баракчасына бул окуяга байланыштуу билдирүү калтырган: «Германиядан жана Түркиядан биздин өлкөгө атайын учактын келиши боюнча. Германия немис улутундагы оор абалда болгон жараны үчүн Ысык-Көлгө атайын борт жөнөткөн экен. Ал эми Түркиянын сервис борту менен бир нече жеке ишкерлер дарылануу үчүн учуп кеткен. Биздин саламаттыкты сактоо министри маалыматтарга караганда бул жакта эле экен» , — деп жазган депутат айым.

Булак: Супер