«Дарылоо оорунун түрүнө жараша төрткө бөлүнөт: жеӊил, орто, оор жана өтө оор. Илдет кандай түрдө өтүп жатканына жараша, дарылоого 7988 сом (жеңил), 16 370 сом (орто), 74 764 сом (оор), 118 807 сом (өтө оор) сарпталат», — деди Абдикаримов.
24-апрелде брифинг учурунда саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев Кыргызстанда коронавирус жуккан бир бейтапка болжол менен үч миң доллар сарпталып жатканын айткан. «Өзбекстандын Саламаттык сактоо министрлиги бир бейтапка 3 миң доллар коротулуп жатканын билдирди. Бизде бир бейтапка канча кетип жатат?» деген суроого «болжол менен ошондой эле чыгым бизде да болуп жатат» деп жооп берген.
Бул социалдык тармактарда талкууга алынып, дарылоого кеткен акча жогорулатылып көрсөтүлгөнү айтылып келет.
Кийинчерээк республикалык штаб бир бейтапты оорукана шартында дарылоого абалына жараша орто эсеп менен 8 миң сомдон 120 миң сомго чейин каражат кетип жатканын билдирген.