Бийлик оппоненттери бийликти сындоого шылтоо табалбай калышса эле «Тышкы карызыбыз баланча сумма болуп кетти» деп кыйкырып чыкканды жакшы көрүшөт. Бирок, ошол эле убакта алар дүйнөнүн бардык эле мамлекеттеринин тышкы карыздары бар экенин эске алгылары келбейт.
Маселен, жакында эле оппозициялык маанайдагы интернет сайттардын бири «Кыргызстандын Кытайга болгон карызы күнүнө 470 миң долларга көбөйүүдө. Кантип төлөйбүз?» деген темада маалыматын чыгарды. Анда Кыргызстан Кытайдан акыркы жылдарда көп карыз алып жатканы, республикабыздын тышкы карызынын 40,5%ы Кытайдан алынган карызга туура келерин жазыптыр.
Албетте, республикабыздын тышкы карызы төрт миллиард сомдон ашканы белгилүү. Анын ичинде тээ Акаев менен Бакиевдин убагында алынган карыздар да бар. Бирок, акыркы 5-6 жылдан бери алынган тышкы карыздар максаттуу пайдаланылып жатканын жакшы билебиз. Мурдагы бийликтегилердин учурундагыдай сырттан алынган карыздар бийлик башындагылардын чөнтөктөрүнө кирип кеткени жок.
Алсак, сырттан алынган карыздардын эсебинен Кыргызстан энергетикалык жактан толук көз карандысыздыкка жетише алды.Бир катар энергетикалык долбоорлор жүзөгө ашты. Өлкөбүздүн түштүгү менен түндүгүн бириктирген альтернативалык жол курулууда. Бир катар чакан жана орто ишканалар ачылып, учурда күргүштөп ишке кирди. Анын натыйжасында жаңы жумушчу орундары түзүлүүдө. Айтор, сырттан алынган карыздардын ар бир тыйыны өз максаты менен пайдаланылууда.
Экинчи жагынан алып караганда учурдагы бийликтин тышкы саясатты туура жүргүзгөнүнүн натыйжасында айрым өлкөлөр Кыргызстандан ала турган карыздарын толугу менен жоюп жиберүүдө. Алсак, кече жакында эле Россия Кыргызстанга буга чейин берген 240 млн доллар карызын толугу менен жойду. Эмнегедир мындай фактыларды ошол оппозициялык маалымат каражаттары эске алгылары келбейт.
Үчүнчүдөн, ири держава болуп саналган АКШнын тышкы карызы 2016-жылдын жыйынтыгы боюнча 1322,3 млрд долларга өскөнү айтылып келет. Болжолдуу эсеп боюнча 2017-жылдын биринчи кварталында эле 20 триллион долларга дагы өсүшү күтүлүүдө. Натыйжада Американын акыркы 8 жылдын ичиндеги эле тышкы карызы 10 триллион долларга өскөн болуп саналат.
Мындан тышкары Россиянын учурдагы тышкы карызы 529,6 млрд доллар экени айтылууда. Ал эми коңшулаш Казакстандын тышкы карызы 160 миллиардды чапчып кеткени белгилүү.Алардын жанында Кыргызстандын карызы океандын бир тамчысы болуп калат. Ошол «тамчыны» да учурда кыргыз бийлиги максаттуу пайдаланып атканы белгилүү.