Домой Дүйнөдө Өзбекстандын Куралдуу күчтөрү Казакстан, Кыргызстан жана Тажикстандын армиясын артта калтырыды

Өзбекстандын Куралдуу күчтөрү Казакстан, Кыргызстан жана Тажикстандын армиясын артта калтырыды

370

Өзбекстандын Куралдуу күчтөрү «Global Firepower» рейтингинде Казакстан, Кыргызстан жана Тажикстандын армиясын артта калтырып, 51-орунду ээледи. Рейтинг компаниянын сайтында жарыяланган.

Индекске дүйнөнүн 138 армиясы кирген. Алардын ичинде Казакстан 62-орунда, Азербайжан 64-орунда, Кыргызстан 93-орунда, Тажикстан 99-орунда.

Биринчи ондукка АКШ, Россия, Кытай, Индия, Япония, Түштүк Корея, Франция, Улуу Британия, Бразилия жана Пакистандын Куралдуу күчтөрү кирди.

Аскердик кубаттуулуктун индекси болжол менен 50 факторду эске алуу менен түзүлөт. Тактап айтканда, аскер кызматына жарактуу адамдардын саны, армияга жумшалган мамлекеттик чыгымдардын көлөмү, абанын, деңиз күчтөрүнүн дарамети жана башка көптөгөн талаптар эске алынган.