Домой Коом Нурлан Сагыналиев Интерполдун Кыргызстандагы бюросуна жетекчи болуп дайындалды

Нурлан Сагыналиев Интерполдун Кыргызстандагы бюросуна жетекчи болуп дайындалды

909

 

Сагыналиев Нурлан Найзабекович жакында Кыргыз Республикасынын ИИМнин Интерпол Улуттук борбордук бюросунун начальниги болуп дайындалды. Милициянын полковниги Нурлан Сагыналиев менен аталган бюро туурасында маек куруп кайттым.

Сагыналиев Нурлан 1974-жылы берекелүү Чүй облусуна караштуу Аламүдүн районунун Бер-Булак айылында жарык дүйнөгө келген. 1991-1992-жылдары Бишкектеги Милициянын Жогорку мектебинде, 1992-95-жылдары Анкарадагы Полициянын Жогорку акакдемиясында билим алган, бокс жана футбол менен машыгат. Жубайы менен 3 баланы тарбиялашууда.

  • Нурлан Найзабекович, алгач кызмат ордуӊуз кут болсун! Буга чейин Аламүдүн РИИБде жетекчи болгонсуз. Бул иш сизге тааныш эле болсо керек?
  • Рахмат! Маегибиздин башында кыргыз элин Жаӊы жылы менен куттуктап кетким келип турат. Урматтуу, кыргызстандыктар, Жаӊы жылыӊыздар менен! Жаӊ жыл ийгиликтерди алып келсин! Ар бир үйгө бакубаттуулук жана ынтымак каалайм! Жерибизде, элибизде тынччылык болсун! Сиз айткандай, 2014-2016-жылдары Аламүдүн райондук ички иштер башкармалыгында жетекчи болуп иштегем. Ошондуктан, азыркы ишим мага тааныш десем болот.
  • Учурда Интерпол тарабынан биздин өлкөнүн канча жараны издөөдө жүрөт?
  • Интерполдун маалыматтары ички колдонуу үчүн гана берилген үчүн, коомчулукка ачык айтуу одоно жана мыйзамды бузуу болуп калат. Ошондуктан, бул купуя.
  • Эл аралык издөөдө жүргөн адамды табууга орточо канча убакыт керек болот?
  • Эл аралык издөөдө жүргөн адам жөн адам болбойт. Алар изин абдан жашырат. Бир адамды эле издөөгө бир нече айлар, керек болсо бир нече жылдар сарпталат.
  • Аталган уюм жөн адамды ишке ала бербесе керек, тил билүүдөн сырткары кандай талаптар бар?
  • Интерпол эмес, башка эл аралык уюмда иштөө үчүн деле алардын тилин жана мыйзамдарын билүү керек. Интерполдо да ошондой. Эӊ биринчи англис жана түрк тилдерин документация жүргүзө тургандай деӊгээлде билүүсү зарыл. Анан албетте, ыкчам кызматтарда иштөө тажрыйбасы да сөзсүз керек.
  • Бюронун приоритеттүү багыттары боюнча айта кетсеӊиз?
  • Бюронун приоритеттүү багыттары бул – Эл аралык кылмыштуулук менен күрөшүүдө Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги жана укук коргоо органдары менен тыгыз иш алып баруу.
  • Кыргызстан Интерпол менен бирге иш алып бара баштаганы кандай өзгөрүүлөр болду?
  • Кыргыз Республикасы Интерполго алгач 1997-жылы мүчө болуп кирген. Ал убакыттан бери Кыргызстан Интерполдун маалымат базаларына кирүүгө укуктуу болгон жана биздин укук коргоо органдары менен болгон өз ара аракеттенүүбүздүн натыйжалуулугу кыйла өстү. Бул Кыргызстандын эӊ башкы кызыкчылыгы. Өзүӊүз билгендей, кылмыштуулук үчүн чек ара жок эмеспи, глобалдашуу процесстери жүрүүдө, экономикалык карым-катнаштар өнүгүүдө. Ошого жараша эл аралык кылмыштуулук да өсүүдө.
  • Кандай жаӊы технология менен иш алып барасыздар?
  • Өз ишибизде кылмышкерлерди издөөдө жаӊы ыкмаларды колдонобуз. Ишибизде 24/7 байланыш системасы аркылуу иш алып барабыз. Интерполдо 18 издөө базалары,100 млн. полиция маалыматтары бар. Күн сайын дүйнө жүзү боюнча 20 млн. издөө сурамы болот.

 

Интерпол туурасында

Интерпол – Эл аралык кылмыштуулукка каршы полиция уюму расмий түрдө 1923-жылы негизделген. Азыркы тапта Интерполдун штаб-кеӊсеси Франциянын Лион шаарында жайгашкан.

Интерполдун маалымат базасына жыл сайын ар өлкөдөн издөөгө байланыштуу 800 миллиондой суроо-талаптар түшөт. Көбүнесе алар жоголгон же уурдалган документтерге, шектүү адамдарды текшерип берүүгө байланыштуу болот. Белгилей кетчү нерсе, бул уюм өзүнүн Конституциясына ылайык, саясий, аскердик, диний жана расага байланыштуу чыр-чатактарды териштирүүлөргө кийлигишпейт.

Кыргызстандын Интерполго мүчө болгонуна быйыл 24 жыл болот. 1997-жылы Интерполдун Кыргызстандагы улуттук-борбордук бюросу ачылган. Ал Ички иштер министрлигине караштуу орган.

 

Төлөбүбү Касымалиева