Президенттик шайлоонун мөөнөтү жакындаган сайын ага катышууну каалаган талапкерлердин саны улам өсүп баратат. Бүгүнкү күнгө чейин талапкер катары катталгандардын саны болжол менен жыйырмага жакындады. Бирок, саясат таануучулардын берген анализдерине караганда талапкерлердин саны канчалык көп болсо дагы негизги атаандаштык төрт гана талапкердин ортосунда болот. Алар – учурдагы премьер-министр Сооронбай Жээнбеков жана экс-өкмөт башчылар Темир Сариев, Өмүрбек Бабанов, ошондой эле «Өнүгүү-Прогресс» партиясынын лидери Бакыт Төрөбаев.
Ал эми калган талапкерлердин ийгиликке жетүү мүмкүнчүлүктөрү «нөлдү» көрсөтөт. Кыязы алар «Башкысы жеңиш эмес, катышуу» деген принципти карманышса керек. Ошол эле убакта кандайдыр бир жеке кызыкчылыктары да бар болушу мүмкүн. Булардын арасында «Мен 500 жыл жашайм» деп карганын өмүрүн «талашкандары», өздөрүн 500 жылда бир гана жолу жаралуучу сейрек кездешкен касиеттүү адамдардын катарына кошкондору бар. Аларга таң калбай деле калдык.
Ошол «шансы жок» деген категорияга кирген талапкерлерди үчкө бөлүп карасак болот. Биринчи топтогуларды «көңүл оорутпагандар» деп атасак болот. Алар өздөрүнүн эч качан президент боло албастыгын колунун беш манжасындай эле билишет. Ошентсе да өздөрүнүн өмүр-таржымалына «Президенттикке талапкерлигин койгон» деген сөздүн жазылып калышын каалашат.
Экинчи топтогулар «ичтеринде таарынычы, ызаасы барлар». Буларга экс-чиновниктер жана кылмыш жоопкерчилигине тартылып жаткандар, анан бейөкмөт уюмдарынын өкүлдөрү кирет. Эгерим оюна президент болуу амбициясы келбегендер да кызматсыз калса, же бийлик тарабынан кандайдыр бир запкы жеп калса эле «президенттикке аттанып атам» деп чыга калгандарын көрүп атабыз. Запкы жегенде кандай? Өздөрүнүн буга чейин жасаган кыңыр иштери ачыкка чыгып, анан кылмыш иши козголуп, сот жоопкерчилигине тартылып калгандар. Андан тышкары чет өлкөлөрдөн алган гранттарын актоо үчүн өлкөбүздүн ичинде дайыма ызы-чуу, башаламандык салып турууну көздөгөндөрдүн аракеттерине мыйзам чегинде тыюу салуулар болсо, аны адам укугун бузуу, сөз эркиндигин кысуу деп түшүнүп алгандар.
Баса, ушул жерден айта кетүүчү жагдай – Өмүрбек Текебаев менен Садыр Жапаров президенттикке ат салыша алышабы же жокпу, азырынча чечилбеген маселе. Укук таануучулар бул тууралуу түрдүү пикирлерди айтып келишет. Текебаевдин соту эмнеге созулуп келгенин (анын адвокаттарынын аракети менен) анын президенттикке талапкерлигин коюу үчүн БШКга ишенимдүү өкүлү аркылуу документтерин тапшыргандан кийин билдик. Ал эми Садыр Жапаров да темир тор артынан бошонуп чыгып кетүүнүн бир амалы – президенттикке талапкер болуу деп чечкен болушу мүмкүн.
Мындай «таарынычы барлардын» шайлоо алдындагы кампаниясы бийликти шыбоо менен коштолоору да белгилүү. Алар элди көчөгө алып чыгып, бийликтин шайлоону тынч өткөрүү аракетин үзгүлтүккө учуратуу «оюндарын» да жасоолору мүмкүн. Алардын планы албетте түзүлгөн кырдаалдан жана сырттан келген финансылык агымдын көлөмүнө жараша болот. Эгерде алар коомдук-саясый кырдаалды өздөрүнө ылайыктуу деңгээлге чейин курчута алышса, анда тынчтыгыбызга бүлүк түшүп кетүүсү мүмкүн. Мындай тобокелчилик бар. Буга чейин эле эксперттер, саясат таануучулар президенттик шайлоонун алдында чет мамлекеттердеги олуттуу оюнчулар бизге таасир этүүгө аракет жасай тургандыктарын көп жолу айтышкан. Мындай аракетти алар массалык каршылык акциялары же башаламандыктар аркылуу жасайт. «Ичинде короздору да бар майда оппозицияларды байкап отуруп, алардын өтө алсыз экенин билебиз. Эл аларга азыр өзгөчө ишенбейт, себеби бийликтин оппоненттеринин катарындагылардын арасында жакшы эмес идеялары барлар да бар. Ызы-чуулу жарандар чеги жок популизм менен алектенип кетишти», — дейт бул багытта саясат таануучу Бакыт Бакетаев.
Ал эми «шансы жок» талапкерлердин үчүнчү тобу – булар «ыкка тез көнгөндөр». Алар шайлоого бир жагынан өздөрүн көрсөтүү үчүн катышса, экинчи жагынан чечүүчү кырдаал келгенде өзүнүн тарапташтарын кайсы бир мүмкүнчүлүгү артыкчылык кылып аткан партиянын талапкерине добуш берүүгө чакырык жасайт. Албетте, алардын электораты анчейин чоң эмес, ошол эле убакта мамлекетти кантип өнүктүрө тургандыгы боюнча башкалардан кем калышпай эле катуу убадаларды берет. Муну маркетингдик кадам деп коет. Анткени алар мындай аракеттери менен элдин көзүнө көбүрөөк көрүнүп, анан күчтүү талапкер менен сүйлөшүүдө өзүн «кымбатыраак» сатууга аракет кылат. Башкача айтканда «Мен сизге жардам берем, сиз мага түкүнчө кызматты бересиз» деген шартты коет.
Демек, «шансы жок» талапкерлер шайлоого эмне максатта катышып атышкандары түшүнүктүү болдубу? Ал эми саясат таануучулар «негизги атаандаштык жүрөт» деген талапкерлердин чыныгы «шансы» канчалык? Эксперттердин айтымында негизги атаандаштык Өмүрбек Бабанов, Темир Сариев жана Бакыт Төрөбаевдин ортосунда жүрөт. Бирок, бул атаандаштык экинчи орун үчүн гана. Бул талапкерлер өздөрү да маарага биринчи болуп келерине толук ишене алышпайт. Бирок, экинчилик үчүн да катуу күрөшөт. Себеби, экинчи орунда келүү — алардын премьер-министрлик кызматка “отуруп калабыз го” деген үмүтүнө ишеним берет.
Саясат таануучу Бакыт Бакетаевдин айтымында, 15-июлда өтө турган КСДПнын курултайында ким талапкер болсо дагы ал мамлекет башчылыгына негизги талапкер болот. Себеби, мамлекетибиздин калкынын көпчүлүк бөлүгү КСДПнын өкүлүн гана колдоого даяр. “Чындык ошондой. Бул талашсыз фаворит. Бул жерде президенттин кадыр-баркын, парламенттеги жана жергиликтүү кеңештердеги бул партиянын депутаттарынын баарынын кадыр-баркын, мамлекеттик органдардагы социал-демократтардын атынан отурган кызматтагы адамдардын кадыр-баркын да кошуш керек”, — дейт Бакетаев.
Алдыдагы КСДП партиясынын курултайында эки талапкер болушу мүмкүнбү деген суроого чекит коюлганын эксперттер белгилешет. Сооронбай Жээнбековду дагы башка бирөөгө алмаштырышы мүмкүн деген эч кандай кабар жок. Эгерде кимдир-бирөө өзүн өзү көрсөтүү менен шайлоого катышууну чечсе, андай талапкер президенттик шайлоодо эч кандай деле коркунуч жаратпайт.
Айрым саясат таануучулар КСДП өлкөбүздүн түндүгүнөн электоратынын бир бөлүгүн жоготуп алышы мүмкүн деген божомолду да айтып жиберишти. Бакыт Бакетаев мындай божомол менен макул эмес, аны ойлоп тапкандар коомчулуктун башын айлантууну каалап жатышат дейт ал.
“Түндүктө чындыгында түрдүү көп лидерлер бар, бирок башкы лидер – бул президент Атамбаев, бул талашсыз факт. Болгондо да анын позициясы бул жакта гана эмес, республикабыздын түштүгүндө да күчтүү. Андыктан мамлекет башчысынын позициясынан көп нерсе көз каранды. Албетте, ал шайлоого кийлигише албайт, бирок элибиз кимге добуш бериш керек экенин тез эле чечип коюшат. Ошол эле убакта мен биздин айрым либерал-демократтарга таң калам. Мисалы, Барак Обама АКШдагы президенттик шайлоодо Хилари Клинтонго иштеди. Бул ал демократиянын борбору жана мекени аталган мамлекетте нормалдуу көрүнүш. Анда неге биздин президент кимди керектүү деп эсептесе, ага иштей албайт? Мына ушул демократиялык эки жүздүүлүк туңгуюкка кептейт”, — дейт Б. Бакетаев.
Ооба, чындыгында эле АКШ өздөрүндө нормалдуу деп эсептелген көрүнүштөрдү башка мамлекеттерге “нормалдуу эмес” көрүнүш катары таңуулоону качан токтотот? Албетте, түздөн-түз эмес, кыйыр аракет менен.
Кандай болгон күндө да Кыргызстанда президенттик шайлоонун мөөнөтү улам жакындоодо. Шайлоо ачык жана таза өтөөрүнө бийлик кепилдик берип келатат. Эч кандай административдик ресурс колдонулбайт, добуштарды бурмалоо болбойт. Бирок, эксперттердин божомолуна караганда бул шайлоо биринчи тур менен эле жыйынтыкталат. Себеби, ызы-чуудан, башаламандыктардан тажаган элибиз акыркы бир нече жылдан бери гана стабилдүүлүктү сезип келатат. Андыктан ошол стабилдүүлүктү мындан ары да уланта турган талапкерге гана добуш беришет. Бизде азыр баардык тараптан стабилдүүлүк бар, экономикада да, социалдык сферада да, саясатта да. Ошону бузбай сактап, улантуу гана керек.