Прокурор жыйында «элдин ишенимин кайтарабыз деген максатты жерге тепсеп албайлы» деп эскертти.
Кыргызстандын башкы прокурору Курманкул Зулушев жылдык коллегиялык жыйын курду. Бул тууралуу аталган органдан билдиришти.
Зулушев бир жылдын ичинде элдин прокуратурага болгон ишенимин кайтаруу керектигин белгилеген.
«Эмдиги жылы ушул маалда элдин прокуратурага болгон ишеними кайткандыгын сезишибиз керек. Соттор менен кызматташып, туура чечим кабыл алгыла. Келген арыздын маанисин түшүнүп окуп, ошол боюнча териштирүү жүргүзүңүздөр», — деди Зулушев.
Ал ошондой эле капыстан текшерүүлөр болуп турарын дагы айтты.
«Облустук, райондук прокурорлордун ишин орун басарларым, өзүм дагы айтпай-дебей барып текшеребиз, соттук процесстерге катышабыз. Бизнесмендерден арыз түшсө алардын укугун коргоңуздар. Керектүү кагаздарын алып берип бизнеске шарт түзүңүздөр», — деди ал.
Прокурор ошондой эле «элдин ишенимин кайтарабыз деген максатты жерге тепсеп албайлы» деп эскертти.