Домой Саясат УКМК: «Кыргызстан» саясий партиясынын мурунку депутаты Кубанычбек Нурматов кармалды

УКМК: «Кыргызстан» саясий партиясынын мурунку депутаты Кубанычбек Нурматов кармалды

617

УКМК «Кыргызстан» саясий партиясынын мурунку депутаты Кубанычбек Нурматовду кармады. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Ал ири өлчөмдөгү алдамчылыкка байлашыкан көптөгөн фактылар боюнча сотко чейинки өндүрүштүн алкагында кармалды. Тергөө учурунда мурунку депутаттын алдамчылык иштерге тиешеси бар экендиги боюнча далилдер алынган.

Ал 2013-жылы Кыргыз Республикасынын Эсеп палатасынын аудитору болуп турганда 500 миң АКШ долларынан ашык суммадагы кыймылсыз мүлкккө ээлик кылып алган.

20-сентябрда ал Жазы-процессуалдык кодексинин 98-беренесине ылайык алдамчылыкка шектелип кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Нурматов 2012-2015-жылдары Эсеп палатасынын аудитору, 2015-жылдан бери Жогорку Кеңештин депутаты болуп иштеген. 2021-жылдын августунда БШК депутаттын ыйгарым укуктарын токтоткон.