Ала-Бука районуна караштуу Көк-Серек айыл аймагынын Кош-Болот участкасынын Өзбекстан менен чектешкен аймагына өзбек чек арачылары зым тартууга келишкен. Жергиликтүү тургундар чек ара тилкелери толук такталмайынча жумуштарды токтотуп турууну талап кылышкан. Бул тууралуу жергиликтүү жашоочулар билдиришти.
Кош-Болот айылынын тургундары өзбек тарап кыргыз тарапка өтүп кеткенин, айылдын малы жайылган жайыт жерлерине зым тартыларын айтып нааразы болуп жатышат.
«Өзбекстан мамлекетинин чек арачылары стойка орното баштаганда эл топтолуп бардык. Малыбызды короодо эле кайтарып калат окшойбуз. Биз мал жайып жүргөн жерлер өтүп кетет экен деп жатышат. Чек ара маселеси толук чечилмейинче тартылбасын дедик. Бүгүн комиссия келип, жерлерди өлчөп жатат», — деди ал.
Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясы чек ара кызматкерлери, кадастрдын өкүлдөрү менен бирге Кош-Болот айылында иштер жүрүп жатканын билдирди.
«Жарандар таратылган, аймакта абал тынч», — деп айтылат маалыматта.
Жалал-Абад облусунда тактала элек 6 тилке калган.