Россиялык ишкер Леонид Маевскийден 1 млн. доллар пара алган деп айыпталып жаткан Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөн Чотоновдун соту ар кандай шылтоолор менен создуктурулуп жатат. Буга биринчи кезекте “Ата Мекен” партиясы, Текебаев, анын юристтери кызыкдар болууда. Сот иши алгач башталганда иш менен тааныша элекпиз деп 2 жумадай убакытты алган болсо, эми болсо көрсөтмө бере турган адамдарды шылтоолоп отурумду уламдан-улам кийинкиге калтырууда.
Канткен менен көпчүлүк күбөлөр Текебаевдин пара алганын тастыктап койду. Анын үстүнө сот уланган сайын Текебаев менен Чотоновдун көрсөтмөлөрү эки ача чыгып, айрым танган жагдайларды кайрадан моюндарына алууда.
Эгер Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөн Чотонов таза болсо, пара албаган болсо мынтип сот ишин болушунча создуктурбайт эле. Алар иштин тезирээк каралышына, чечимдин чыгышына кызыкдар болуп, судьяларды, прокурорлорду шаштырмак. Азыр болсо баары тескерисинче болууда. Оор кылмыштарды жасап, анысы далилденип калган кылмышкерлер гана сот ишин содуктурат. Бул практикада далилденген.
Кыргыз эли кимдин ким экенин билип, ким пара алган, россиялык ишкерлерди кайсы саясатчылар сызга отургузганын аңдап калды. Сот деле Текебаевдин күнөөсү далилденгенине көзү жетип калса керек. Эми чечимди тездетүү, ишке чекит коюу маселеси турат. “Ата Мекен” партиясы шылтоону токтотуп, тагдырга моюн гана сунушу керек. Буларда башка жолу калбады окшойт. the best website to order tadalafil.