Домой Кылмыш Чак түштө автоунаанын айнегин талкалап, ичинен 50 миң сом урдап кеткен (видео)

Чак түштө автоунаанын айнегин талкалап, ичинен 50 миң сом урдап кеткен (видео)

3

Бишкек шаарында бир катар уурулукка шектүүлөр кармалганын 7-мартта ШИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Жабырлануучунун айтымында, 9-февралда саат 13:50дө Чыгыш-5 кичи районундагы көчөдө токтоп турган «Тойота» автоунаасына белгисиз адамдар кол салган. Транспорттун терезесин талкалап, ичинен 50 миң сом жана уюлдук телефонду уурдап кетишкен. Бул факт КР Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (уурулук) менен катталды.

Көп узабай Бишкек ШИИБдин ыкчам тобу тарабынан 1987-жылы туулган К.Э., 1988-жылы туулган У.М. кармалды. Шектүүлөр убактылуу камакка алынып, тергөө жүрүп жатат.

Тергөөнүн версиясы боюнча, шектүүлөр ушул сыяктуу башка дагы кылмыштарга аралашуусу мүмкүн. Жабырлануучулар үчүн байланыш номуру: 0(702) 169-999 жана «102» кызматы.