Домой Коом Боронов: Коронавирус азайды, бирок абал дале оор

Боронов: Коронавирус азайды, бирок абал дале оор

93

Өкмөт башчы айыккандар көбөйүп, жаңы катталгандар азайып баратканын жакшы көрүнүш деп баалап, бирок оорунун экинчи толкуну болбосуна эч ким кепилдик бере албай турганын айтты.

Боронов белгилегендей, Дүйнөлүк саламаттык уюмунун методологиясы боюнча, 14 күндө жаңы катталгандардын көбөйүү темпи Кыргызстанда 39,2% төмөндөдү. Бирок оорунун күчөп кетүү коркунучу сакталып турат:

“Муну бизге чейин коронавирустан өткөн өлкөлөрдүн ахыбалынан байкоого болот. Бизде да эгер санитардык-гигиеналык нормаларды сактабасак, тиешелүү чараларды көрбөсөк, кайрадан күчөп кетүү коркунучу сакталууда. Абал оор бойдон калууда”.

Кыргызстанда коронавирус эпидемиясы март айында башталган. Андан бери бул илдет жуккандардын расмий саны 38 110 адам болду, алардын 29 510у айыгып чыкты, 1 438и каза болду.