Өкмөт башчы Кубатбек Боронов, бүгүнкү штабдын жыйынында сөз сүйлөп, 30-июль өлкө боюнча коронавирус инфекциясы пандемиясынын курмандыктарына арналган Улуттук аза күтүү күнү экенин белгиледи.
«Ар бир адамдын өмүрү биз үчүн – баалуу, ал эми ар бир өлүм – бул трагедия жана жүрөктөгү жарат… Биз өлүмдүн санын азайтуу үчүн болгон күч-аркетибизди жумшашыбыз керек», — деп билдирди. Ошондой эле ал, учурда, Чүй, Ысык-Көл жана Жалал-Абад облустарында ооруп жаткандардын көрсөткүчү жогору экендигин, буга байланыштуу коопсуздук чараларын күчөтүү керектигин айтып, тиешелүү тармактарга тапшырма берди. Кандай болгон күндө да, Боронов мырза учурдагы оор кырдаалдан тез арада чыгып кетүү үчүн колдон келген аракетин көрүп жатканы байкалууда.