Домой Коом Борбор Азия өлкөлөрүнүн бажы жана чек ара кызматтарынын кызматкерлери бажы ишинде профайлинг...

Борбор Азия өлкөлөрүнүн бажы жана чек ара кызматтарынын кызматкерлери бажы ишинде профайлинг боюнча семинарга катышты

35

Борбор Азия өлкөлөрүнүн бажы жана чек ара кызматтарынын кызматкерлери бажы ишинде профайлинг боюнча семинарга катышты

Адистештирилген окутуу бажысынын кызматкерлери «Профайлинг жүргүнчүлөрдүн жүрүм-турумуна талдоо жүргүзүүнүн негизинде бажы ишинде укук бузууларды аныктоонун усулдарынын, технологияларынын жана ыкмаларынын комплекси катары» жана «Сүрөттөрдү талдоонун негизинде инспекциялык-текшерип кароо комплексин, текшерип кароо рентген техникасын колдонуу тартиби» темаларында Регионалдык семинар өткөрүштү.

Иш-чара 2023-жылдын 16-январынан 20-январына чейин Кыргыз Республикасындагы Бүткүл дүйнөлүк бажы уюмунун Регионалдык окуу борборунда өткөрүлдү. Семинарга Кыргыз Республикасынын бажы жана чек ара кызматтарынын, Өзбекстан Республикасынын Мамлекеттик бажы комитетинин жана Казакстан Республикасынын Финансы министрлигинин Мамлекеттик киреше комитетинин кызматкерлери катышты.

Семинардын катышуучулары үчүн практикалык машыгуулар да уюштурулду. «Тамчы» эл аралык аэропортунда кызматкерлер рентген аппараттары аркылуу сүрөттөрдү талдоо маселелери боюнча билимдерин жогорулатышты. Профайлинг боюнча окутуу адамдын жүрүм-турумун жана анын документтерин баалоо жана изилдөө, жаңсоолорун жана мимикасын талдоо боюнча билимди жогорулатат.

Негизги максат — Борбор Азия мамлекеттеринин бажы жана чек ара кызматтарынын кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу, тажрыйба алмашуу жана бажы тармагында аймактык кызматташтыкты өнүктүрүү.

Иш-чара ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин колдоосу менен уюштурулду. Аскердик-саясий департаменттин башчысы Александр Елисеев жана Улуу Британиядан келген эл аралык эксперт Станислав Голдштейн мырза катышты.

Жалпысынан Борбордук Азия өлкөлөрүнүн бажы кызматтарынын жана КР УКМКнын 21 кызматкери окутулду. Семинардын соңунда катышуучулар тестирлөөдөн өтүп, сертификаттар тапшырылды.