Домой Саясат Активист Атай Бейшенбек уулуна карата дагы бир кылмыш иши козголду

Активист Атай Бейшенбек уулуна карата дагы бир кылмыш иши козголду

28

Активист жана блогер Атай Бейшенбекке карата дагы бир кылмыш иши козголду. Бул тууралуу анын адвокаты Канат Хасанов маалымат агенттиктерине билдирген. Анын айтымында, Атай Бейшенбек 2020-жылдагы октябрь окуяларында Бишкек шаардык мэриясын басып алууга аракет кылган,- деген айып менен дагы бир кылмыш иши козголгон.

Эске салсак, активист Кылмыш-жаза кодексинин “Кылмышка даярдык көрүү” жана “Массалык башаламандыктарды уюштурууга даярдануу” беренелери боюнча ачылган кылмыш ишинин алкагында 2022-жылдын октябрь айында камакка алынган.