Домой Коом Болгонбаев КТРКнын Байкоочу кеңешинин төрагалыгынан кетти

Болгонбаев КТРКнын Байкоочу кеңешинин төрагалыгынан кетти

113
Азамат Болгонбаев 11-августта Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын (КТРК) Байкоочу кеңешинин төрагалык кызматын тапшырып, кеңештеги мүчөлүгүн да токтотконун «Фейсбуктагы» баракчасына жазды. Бирок анын себебин түшүндүргөн жок.
Урматтуу замандаштар!
2017-жылы Жогорку Кеңештин тандап алуусунун негизинде КТРКнын Байкоочу кеңешине «Айтыш» коомдук фондунан көрсөтүлүп, коомдук квота (Президенттин жана ЖКнын да квотасы бар) менен өткөм. Быйылкы жылдын 6-февралында Кеңешке төрага болуп шайлангам. 3 жыл алкагында сунуш, пикир, талаш-тартыш маселе кыйла эле жүрдү, чын дилимден мыйзамда көрсөтүлгөн талап боюнча иш алып барганга аракет кылдым. Төрагалык учур пандемияга туш келгенине байланыштуу дээрлик жыйынга чогула алган жокпуз, болгону май айынын аягында мыйзамда көрсөтүлгөн тартип боюнча ЖКга отчет бердик. 11-август 2020-жыл Кеңештин төрагалык жана мүчөлүк укугумду өз каалоом менен токтоттум. Колдон келген иш болду, албетте колдон келбегени да болду. Колдоо көрсөткөн ар бир инсанга ыраазычылык билдирем. Коомдук квотадан шайланганыма байланыштуу колумдан келбеген иш болсо коомчулуктан кечирим сурайм!!! Өмүрүмө да, өнөрүмө да өбөлгө болгон «Айтыш» коомдук фондунун мага ишеним артканына ыраазымын.
Кыргыз элинде ынтымак жана ырашкерлик болсун!!!
P.S. Кеткендин баары эле шайлоого барып жатат, мен шайлоого барбайм, чыгармачылык ишим менен алек болом.