Домой Кылмыш Бишкекте прокурормун деп коркутуп акча алып жүргөн киши кармалды

Бишкекте прокурормун деп коркутуп акча алып жүргөн киши кармалды

21
Бишкекте өзүн прокурор катары тааныштырып, элди алдап акча опузалап жүргөн Б. уулу А. аттуу жаран кармалды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, ал А.Э.Д. аттуу жаранды кылмыш жоопкерчилигине тартам деп коркутуп, анын уюлдук телефонун жана 50 000 сом өлчөмүндөгү накталай акчасын алган.
Тергөөнүн жүрүшүндө кармалган киши социалдык тармактар аркылуу өзүн Бишкек шаардык прокуратурасынын кызматкери катары көрсөтүп, прокуратура органдарынын формасын кийип түшкөн сүрөттөрдү жайгаштырганы белгилүү болду. Ошондой эле юридикалык маселелер боюнча өзүнүн кызматтарын акчага сунуштап келгендиги аныкталган.
Учурда шектүү Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, ушул сыяктуу дагы башка кылмыштарга катыштыгы бар-жогу териштирилүүдө.