Домой Криминал Бишкекте «Положенец» менен «Смотрящий» кармалды

Бишкекте «Положенец» менен «Смотрящий» кармалды

55

  УКМКнын кызматкерлери тарабынан уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды. Комитеттин басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, «Положенец» жана «Смотрящий» деп таанылган 1988-жылы туулган Э.Т. менен Э.К. кечээ, 25-ноябрда колго түшүрүлгөн.

Расмий маалымат боюнча, алар ушул жылы сентябрь айында жеке ишкерге Бишкектеги соода жайын өткөрүп берүү үчүн күч колдонушкан. Тиешелүү берене менен тергөө башталып, бул кылмышка тиешелүү башка адамдарды табуу аракеттери уланып жатат.