Домой Коом Бишкекте аял өз өмүрүнө кол салууга аракет кылган

Бишкекте аял өз өмүрүнө кол салууга аракет кылган

18
Кечээ, 14-апрелде Бишкектеги Жал кичи районунда аял киши өз жанын кыюуга аракет кылган. Бул тууралуу бүгүн, 15-апрелде ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 14-апрель күнү болжол менен саат 20:53тө Жал кичи районунда жайгашкан үйдүн тургуну, батирдин терезесине чыгып өз өмүрүн кыюуга аракет кылган.

Окуя болгон жерге куткаруучулар келип, аялдын өмүрүн сактап калышкан. Кийин ал тез жардам кызматына өткөрүлүп берилген.