Домой Саясат Бишкекте автобустун айдоочулары жетекчи Койчубаковду кызматтан кетишин талап кылышты. Себеби…

Бишкекте автобустун айдоочулары жетекчи Койчубаковду кызматтан кетишин талап кылышты. Себеби…

73

Бишкекте мэрияга караштуу мунципиалдык автобустардын айдоочулары бүгүн мэрияга караштуу Бишкек  Жүргүнчүлөрдү ташуу боюнча автотранспорт ишканасынын  жетекчиси Нурлан Койчубаковго каршы митинге чыгышты. Алар Койчубаковдун иш билги эместигин, ишке кайдыгер карап, коомчулукка өзү жетектеген ишкана тууралуу жалган маалыматтарды берип турарын айтышты. Айдоочулардын айлыгы 5-6 миң сом эле экенин, Койчубаков айткандай эч бир айдоочу 20 миңден ашуу айлык албай турганын билдиришти. Алар Койчубаковдун кызматтан кетишин талап кылышып, кабинетине кирип барышкан. Аталган ишкананын башкармалыгынын башчысы Сатыбалды Хакимов айдоочулардын бири менен жакалаша кеткен. Айрым ЖМКлар Койчубаков кызматтан кеткенин жазып чыгышты. Эске сала кетсек, Койчубаков мурунку мэр Суракматовдун жан досу болгон. Бакиевдин тушунда   «Ак жол» партиясынан ЖКнын депутаты болчу. Буга чейин Койчубаковдун бир топ коррупциялык иштери тууралуу ЖМКларга байма-бай маалыматтар чыккан…