Шайлоонун шайтан оюндары барган сайын күчөп, өзгөчө таасирдүү партиялардын ортолорунда тирешүүлөр күч алды. “Биримдик” менен “Мекеним Кыргызстандын” лидерлери каршылыкка өтүшүп, аны көргөн жанжөөкөрлөрү тирешип, кырылышууга чейин барышары алдыртан болжонууда. Атышуу боюнча да кептер чыгууда. Учурда пандемия апааты болуп, вирустан чыга албай жаткан чакта ушунчалык каршылашып жатышса, аягында эмне болушат? Сыягы, бузукулар баардык жакка киришти. Ичтен иритүү менен күрөш салууга каршы салгылашчылар чыга беришет. Бирок, “Мекеним Кыргызстандын” атынан Райым Матраимовду, “Биримдиктен” Асылбек Жээнбековду байлап, кыргыздын эки тыңчыкма уулун кайраштырып, согуштурууга жеткирбеш керек. Экөө тең бири-бирин сыйлашат. Эч убакта жалган сөздөргө ишенүү менен эмоцияга алдырбашы кажет. Ортодон ойрондор иштеп жатышат, андайларга өмүр бою мындай жумуш керек.
Булак: «Азия Ньюс»