Домой Саясат Бир цитата менен: Депутат Асылбек Жээнбеков баштык чыгаруу үчүн кара куурай эгүүнү...

Бир цитата менен: Депутат Асылбек Жээнбеков баштык чыгаруу үчүн кара куурай эгүүнү сунуштады

1060

Депутат жана президенттин иниси Асылбек Жээнбеков Кыргызстанда бузулуп жок болгон баштыктар менен бир колдонулуучу идиштерди өндүрүү үчүн кара куурайдын атайын сортун эгүүнү сунуштады. Ал бул сунушун айлана-чөйрөнү сактап калса болот деп негиздеди.

Депутат бул сунушун 8-июнда Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында билдирди.

«Бизде кара куурай өсөт, [аны] жылда жок кылып атабыз, жок кыла албай жатабыз десек да болот. Бүгүнкү күндө башка сорттогу кара куурай сунуш кылынып атат, арзан башдык жана идиштерди өндүрүү үчүн», — деп сунуштады Жээнбеков.

Кыргызстанда баңгизаттарды жайылтуу жана сактоо, анын ичинде баңгизат өсүмдүктөрүн өстүрүү үчүн мыйзамда жаза каралган.

Жоруктар жөнүндө кодекске ылайык, бул үчүн 6 айга эркинен ажыратуу менен кошо 13 миң сом штраф каралган.