Белгилүү өзбек ырчысы Шахзоданын күйөөсү Равшан Юлдашев каза болду. Бул тууралуу өзбек журналисти өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, Юлдашев 30-март күнү каза болгон. Азыркы тапта маркумдун жакындары эч кандай маалымат тарата элек. Өзбекстандын шоу-бизнес өкүлдөрү социалдык тармактагы баракчалары аркылуу Юлдашевдин үй-бүлөсүнө көңүл айтышууда. Такталбаган маалыматтарга караганда, ал жүрөк оорусунан улам көз жумган.
Равшан Юлдашев 1961-жылы 2-апрелде жарык дүйнөгө келген.
Айта кетсек, Равшан Юлдашев өзбек шоу-бизнесинин түптөөчүлөрүнүн бири, ал белгилүү ырчы Лола Юлдашеванын атасы жана ырчы Шахзоданын жолдошу.
Булак: Супер инфо