Домой Саясат Бекназаров Малайзияга элчилик кызмат сунушталганын ырастады

Бекназаров Малайзияга элчилик кызмат сунушталганын ырастады

38

Саясатчы Азимбек Бекназаров президент Сооронбай Жээнбеков ага ар кандай кызматтарды сунуш кылып келе жатканын айтты. Бул тууралуу ал Бишкекте өтүп жаткан басма сөз жыйынында билдирди. Анын айтымында, учурда ал кызматка баруу боюнча чечим кабыл ала элек.

— Президент мага «сиз канча жылдан бери жумушсуз жүрөсүз. Бардык президенттерге мокочо болуп көрүнүп келе жатасыз. Мен сизди түшүнөм, экөөбүз чогуу депутат болгонбуз» деди. Бирок мен «биз эки жолу курултай өткөрдүк. Мамлекеттин, улуттун алдында көп иштер бар. Мен Туруктуу элдик кеңештин мүчөсүмүн. Мен курултайда коюлган маселелерди аягына чыгармайынча эч жакка бара албайм» деп айттым, — деди Бекназаров.

Ал Кыргызстандын «Малайзиядагы элчиси болот экен» деген маалыматтарды ырастады.

Саясатчы буга чейин президент Сооронбай Жээнбеков менен көзмө-көз жолукканда конституциялык реформага, кендерге байланышкан маселелер ачык бойдон калганын кошумчалады.

Бекназаров өлкө башчы бир нече мамлекеттерге, анын ичинде Түркияга, Азербайжанга элчи болуп барууну сунуш кылганын, президент менен ушул жумада жолугушарын, жолугушуунун жыйынтыгы менен ал Малайзияга элчи болуп барар-барбасын чечерин билдирди.

Буга чейин айрым маалымат каражаттары Азимбек Бекназаровдун Кыргызстандын Малайзияга элчи болушу үчүн малайзиялык тарап макулдук келгенин жазып чыгышкан.

65 жаштагы Бекназаров буга чейин башкы прокурор, Жогорку Кеңештин депутаты, Убактылуу Өкмөттө вице-премьер-министр болуп эмгектенген.

Булак: Азаттык