Кыргыздын дагы бир чыгааны, белгилүү коомдук ишмер, КРнын эмгек сиӊирген куруучусу Бейшенбек Иманалиев бүгүн жүрөк оорусунан улам дүйнө салганы маалым болду. Ал болгону 67 жашта болчу. Бул суук кабарды жердештери тастыкташты. Бейшенбек Султанович бүткүл эмгегин мамлекетибиздин өнүгүүсү үчүн сарптап келген, чыныгы мекенчил инсан эле. Эмгек жолун жогорку окуу жайдан бүтк1н соӊ, 1976-жылы куруучулук тармактан баштаган. 45 жылдык үзүрлүү эмгеги Кыргызстандын курулуш тармагы менен тыгыз байланыштуу болду. Ал 1996-жылы «Имарат строй» курулуш компаниясын түптөп чыгып, аталган компанияны Кыргызстанда сапатка басым жасаган эӊ алдыӊкы компаниялардын бири кылды. Бул компаниянын аты мамлекетибизден тышкары Россия ж.б. өлкөлөрдө да бааланып, чоӊ-чоӊ иш-чараларда Бейшенбек Султановичке эл аралык сыйлыктарды тапшырышкан.
Бул компания мамлекетибиздин курулуш тармагына жаӊычылык менен кооз үйлөрдү куруп, борбор шаарыбыздын көркүнө көрк кошуп келет. Андан тышкары, мамлекеттик курулуштарга да жигердүү катышып, көптөгөн мекемелерди курган. Бейшенбек Иманалиев жөнөкөй, боорукер, иш билги, жүрөгү мекен деп соккон инсан эле. Анын өмүрү кийинки муундарга өрнөк болуп калат. Эл үчүн жасап кеткен асыл эмгеги да кыргыз тарыхына жазылары шексиз. Маркум агабыз боорукер адам катары жардамга муктаж адамдарга, карылар үйлөрүнө ж.б. көптөгөн кайрымдуулук иштерин жасап келген. Жердештеринин маалыматына караганда сөөгү 28-августа Бишкек шаарында жерге берилет.
«Багыт.кж» маалымат агенттиги Бейшенбек Султановичтин үй-бүлөсүнө тереӊ кайгыруу менен көӊүл айтат. Агабыздын ыйманы саламат болуп, жаны жанатта болсун!