Домой Коом «Баткен» бажысынын базасында порттук контрол тобунун ачылышы болуп өттү

«Баткен» бажысынын базасында порттук контрол тобунун ачылышы болуп өттү

25

Баткен бажысынын базасында Порттун контрол тобунун расмий ачылыш аземи болуп өттү. Иш-чарага БУУ БКБ жана БДБУнун Контейнердик жүктөрдү кокнтролдоо боюнча глобалдык программасынын аймактык координаторунун милдетин аткаруучу Сардор Аташиков, улуттук координатор Кубанычбек Ормушев, ошондой эле «Баткен» бажысынын жетекчилиги жана өздүк курам катышты.

«Баткен» ПКТнын мүчөлөрү үчүн БКБ БУУнун жана БДБУнун Контейнердик ташууларды контролдоо боюнча Глобалдык программасы кеңсе эмеректери жана компьютерлер менен жабдылган имарат куруп берди. Ошондой эле жетүүгө кыйын жана тоолуу аймактарда бажылык укук бузууларга бөгөт коюу боюнча чараларды күчөтүү үчүн техникалык каражаттар – пилотсуз учуучу аппараттар, рациялар, түнкү көрүүчү приборлор өткөрүлүп берилди.

Мындан тышкары, «Баткен» Портту контролдоо тобунун дараметин чыңдоого багытталган иш-чаралардын аткарылышы, анын ичинде теориялык, практикалык окуу курстары, башка мамлекеттерде бажы көзөмөлүн ишке ашырууда алдыңкы тажрыйба менен алмашуу программалары талкууланды. Эл аралык сооданын коопсуздугун чыңдоо, ошондой эле БДБУнун жана БКБ БУУнун техникалык эксперттерин тартуу менен тренингдерди өткөрүү аркылуу бажы кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу жаатында жана «БКБ БУУ жана БДБУнун Контейнерлерди контролдоо боюнча глобалдык программасынын» алкагында кызматташууну андан ары өнүктүрүү боюнча жакынкы жылдарга пландар каралды.