Домой Коом Асанбай кичи районунун тургундары митингге чыгышты

Асанбай кичи районунун тургундары митингге чыгышты

32

Бүгүн, 11-мартта Асанбай кичи районунун тургундары митингге чыгышты.

Митингчилердин негизги талабы спорт аянтчасынын аймагына элиталык үй курууга тыюу салуу болду.

Активист Улан Жаныбаевдин айтымында, алардын алдына вице-мэр Нурдан Орунтаев чыгып, 6-кичи район жана Асанбай кичи районундагы спорт аянтчаларынын ордуна элиталык курулуш болбойт деп убада кылган. Ошондой сөзүн тастыктаган кепилдик катын берген.