Мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаев атайын билдирүү таратып, шайлоочуларды жалган маалыматтары таңуулоодон коргоо керектигин, президенттик шайлоо алдында коомчулуктун пикири менен ойноо Кыргызстандагы коомдук-саясый кырдаалга жана улуттук коопсуздукка зыян тийгизүүсү ыктымалдыгын билдирди. Айрым талапкерлердин чындыкка дал келбеген маалыматтары коомчулукту нааразы кылбайбы?
— Албетте, нааразы кылат. Жакында эле талапкер Өмүрбек Бабанов мени шайлоочулардын 65 пайзы колдойт деп “балп” эттирди. Бул такыр чындыкка дал келбеген маалымат. Талапкердин өзүнүн мындай жалган айтып жатканы көп нерседен кабар берет. Анын үстүнө шайлоодон кийин башаламандык уюштуруу менен бийликти күч менен тартып алуу планы ачыкка чыгып кетти. Мындай ыплас ишти улантуу боюнча эски бийликтин өкүлдөрү кайсы бир талапкердин штабында иштеп жатканы боюнча да маалымат бар. Алар кандай болгон күндө да Алмазбек Атамбаевдин киши келбесин деген принципте иштеп жатат. Кан менен бийликти алууга да даярт турат. Буга элибиз жол бербеши керек.
— Президенттик шайлоо боюнча 30-сентябрдан 2-октябрга чейинки аралыкта «Эл пикир» соцуюмунун жыйынтыгы боюнча 40% көрсөткүч менен Сооронбай Жээнбеков алдыга чыккан. Ал эми Өмүрбек Бабановго добуш берем дегендер 21,8% түзгөн. Бабанов 65 пайызды кайсы жактан алышы мүмкүн? american canadian drug.
— Биз бир топ эксперттер, аналитиктер шайлоо боюнча күн сайын анализ жасап жатабыз. «Эл пикир» соцуюмунун жыйынтыгы деле бир аз биздин жыйынтыкка окшобойт. Азыр шайлоочулардын 65 пайызы Бабановду эмес Жээнбековду колдогону турат. Бул биздин акыркы маалымат. Буга чейинки шайлоолордо да ушундай божомолдорубуз так келген. Андыктан Жээнбеков биринчи турдан утат.