— “Ата Мекен” партиясынын активдүү мүчөлөрүнүн бири Райкан Төлөгөнов мародерчулук иши боюнча камакка алынды. Дал ушул талап-тоноочулук боюнча иш кайра жанданып, аны УКМК иликтеп баштаганы маалымдалды. Эми бул жолу көптөн бери аягына чыкпай келген мародерчулукка чекит коюлабы?
— Бул мародерчулукка байланышкан маселеге алда качан эле чекит коюлушу керек болчу. Эл ичинде эмне деген гана сөздөр айтылган жок. Тигил же бул 7-апрелде Бишкекти, Бакиевдердин мүлкүн тоногон деп аттары ачык айтылбадыбы. Ошондуктан бул маселеге чекитти коюп, кимдин күнөөсү бар, кимдики жок деген бүтүмдү чыгарыш керек. Апрель окуясына 7 жыл болду. Биз качанкыга чейин мародерчулук деп жүрө беребиз? Чекитти коюш керек да.
find cheap cialis without prescription. — “Ата Мекен” партиясы мародерчулук ишинин кайра жанданышын саясатташтырып жатат. Бул маселеде саясат барбы?
— Эми жашоонун өзү саясат да. Албетте, саясат болобу, болбойбу күнөөсү бар адамдарды эл билиши керек. Алар мыйзам алдында жооп бериши зарыл. Мародер эместерди мародер деп атабаш керек.