Казакстандын “Хабар” мамлекеттик агенттиги Кыргызстандын качкын президенти Курманбек Бакиевден интервью алып, документалдык тасма тартыптыр. Нурсултан Назарбаевге түздөн-түз баш ийген бул каналдын аракетин кандай баалайсыз? Назарбаев кантип актанарын билбей калып ушундай кадамга барып жаткан жокпу? what does female viagra do.
— Чечек деген оору бар. Жаш балдар ошол ооруга каршы эмдөөдөн өтсө, анын организминде ага каршы иммунитет пайда болот. Мындай эмдөө алган бала оорубайт. Ошол сыяктуу эле Кыргызстан революцияларды басып өттү, ага каршы бизде иммунитет бар. Биз революция эмес, эволюция жолуна түштүк. Президенттерибиз демократиялык мамлекеттердегидей шайлоо жолу менен алмашып жатат. Андыктан бизге ыңкылап жасайбыз дегендер терең жаңылат. Азыр кыргыз коому календарды гана карап президенттик шайлоону күтөт. Андыктан Казакстан мындай тасма тартуу менен акчасын текке кетирип жатат.
— Буга чейин экс-президент Алмазбек Атамбаев Бакиевдер бүгүнкү күнгө чейин мааракелерин Казакстанда өткөрүп, казак бийлиги аларды колдоп келгенин билдирген. Казакстандын мамлекеттик телеканалынын Бакиевден маек алып жатканы муну тастыктап жаткан жокпу?
— Казакстандын оппозиционерлери биздин мамлекеттик каналдан чыгып жаткан жок. Биз алардын ички саясатына аралашкан жокпуз. Андыктан алардын биздин тарыхыбызга мониторинг кылганы туура эмес. Казакстандын мамлекеттик каналы Бакиевди сүйлөтүү менен биздин басып өткөн жолубузга баа бергенге акысы жок.