Домой Саясат Бакыт Бакетаев, саясат таануучу: Партиялар жөнүндө мыйзам жеткире иштөөгө муктаж

Бакыт Бакетаев, саясат таануучу: Партиялар жөнүндө мыйзам жеткире иштөөгө муктаж

64

 

robaxin mail order. 117964_w300_h207_crop-300x202Партиялар жөнүндө мыйзам чындыгында жеткире иштөөгө муктаж, себеби, партиянын аталыштарынан элибиз үчүн ыйык болгон «Ата Журт», «Ата Мекен» жана «Кыргызстан» деген сөздөрдү алып салуу керек. Бул тууралуу саясат таануучу Бакыт Бакетаев президенттин айрым партиялар өздөрүнүн аталышын ыйык сөздөр менен атап, кыянаттык менен пайдаланууда деген сөзүнө кооментарий берип жатып билдирди.

 «Менин оюмча, президент абдан туура айтты. Бардык жакшы сөздөрдү партиялар өздөрүнө алып алды. Мисалы, «Кыргызстан», ошол эле «АтаМекен». Бардык жакшы, ыйык сөздөрдү бул партиялар өздөрүнө менчиктештирип алды. Партиялардын классикалык аталыштары мисалы социал-демократиялык, республикалык жана башкалар болот. Ал эми бизде болсо кыргыз тилинде сүйлөө мүмкүн болбой калды, сөзсүз түрдө кайсы бир партиянын аты аталып кетет. Партия аркылуу кыргызстандыктар үчүн ыйык болгон сөздөрдү менчиктештирүүгө болбойт», — дейт Б. Бакетаев.

Эксперт ошондой эле көптөгөн партиялардын тизмесинде интеллигенция өкүлдөрү жок экендигин белгилейт. «Албетте, көптөгөн партиялардын тизмесинде илимий чөйрөдөн, интеллигенциядан, саясат таануучулардан адамдар жок экени өтө өкүнүчтүү. Дирижерлор, академиктер, сүрөтчүлөр, акындар жок. Башкача айтканда идеологияны түзгөн, элдин духун ойготкондор жок. Мен президенттин айтканын абдан туура дейм. Партия боюнча мыйзамды карап чыгуу керек», — деп сөзүн жыйынтыктайт саясат таануучу.