Домой Саясат Бакыт БАКЕТАЕВ, саясат таануучу: “25 жылдан бери чечилбей келген кыргыз-өзбек чек арасына...

Бакыт БАКЕТАЕВ, саясат таануучу: “25 жылдан бери чечилбей келген кыргыз-өзбек чек арасына оппозициялык фракциянын лидерлери бут тоссо Жогорку Кеңешти эл өзү таратат, кууп чыгат”

81

              1022965716

Буга чейин президенттер Алмазбек Атамбаев менен Шавкат Мирзиёев кыргыз-өзбек чек арасынан 85 пайызы боюнча келишимге кол койгон. Учурда ушул документ парламенттен ратификациядан өтүшү керек. Тилекке каршы парламенттеги оппозициялык маанайдагы Бакыт Төрөбаев менен Өмүрбек Бабановдун факциялары атайын бут тосуп, бул иштин алдыга жылышына тоскоол болууда. Бул аракеттерге кандай баа бересиз?

          Кыргызстан менен Өзбекстандын мамилесинин жакшыртууга ар бирибиз салым кошушубуз керек. Чек ара боюнча маселе 25 жылдан бери чечилбей келген. Эми иш алдыга жылып, эки мамлекеттин жетекчилери саясий эркин көрсөтүп жатканда буга бут тоспош керек. Менин оюмча бул келишимде эки өлкөнүн тең кызыкчылыктары толугу менен сакталган. thyroxine tablets to buy.

          Төрөбаев менен Бабанов керт башын ойлоп бут тосо берсе кандай чара көрүш керек?

          Эгер парламент, Төрөбаев менен Бабанов чек ара маселесинин чечилишине каршы болуп, кол коюлган келишимди ратификациядан өткөрбөй койсо анда Жогорку Кеңешти эл өзү таратат. Ак үйдөн депутаттардын баарын кууп чыгат. 25 жылдан бери эл кыйналып келди, эми чечилгени турган маселеге бут тосо турган болсо элден тиешелүү жообун алат деп ойлоймун.