Домой Маек Бакыт Бакетаев, саясый серепчи: “Төрт саясатчынын биригиши – экинчи канаты жок самолеттой...

Бакыт Бакетаев, саясый серепчи: “Төрт саясатчынын биригиши – экинчи канаты жок самолеттой эле болуп калды”

57

generic synthroid for sale. 117964_w300_h207_crop-300x202

 

— Саясатчылар Акматбек Келдибеков, Адахан Мадумаров, Камчыбек Ташиев, Бакыт Төрөбаев баштаган түштүк кланынан чыккан регионалдык лидерлер бириккенин жарыялашты. Булардын биригүүсүнүн артында регионалдык фактор жокпу?

— Менин жеке оюмча, бул биригүү экинчи канаты жок куштай эле болуп калды. Маселен, бир канаттуу самолет кандай учат? Бир канаты менен уча албайт да. Булар саясый жактан ката кетиришти. Булардын биригиши –  бир канаты жок самолеттой эле болуп калды.

— Келечекте булар чоң күч болуп, аягына чейин тура алышабы? Же буга чейин нечен ирет биригишип, кайра бат эле ажырашып кетишкендей бул сапар да чилдейтарашабы?

— Негизи саясатта келечекке карай жакшы ийгиликтерге жетиш үчүн 2 канат болушу керек да. Кыргызстандын саясый майданында дайыма эки канат болушу абзел. Ошондо гана жеңиш, ийгилик болот. Ток этери, булардын биригиши чоң бир канат болгону менен экинчи канаты жок болуп калды. Мындай бир канаты жок саясый топту эл деле түшүнөт. “Буларда экинчи канат жок тура” дешип…